Редакцияот 18.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы

 

2019-жылдын 18-марты №154

Бешкент айыл өкмөтүндө чарбалык  китептердеги маалыматтарды электрондук «Айыл» программасына киргизүү үчүн акы төлөөгө макулдук берүү жөнүндө

Бешкент айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Р.Т.Султоновдун чарбалык китептердеги маалыматтарды электрондук программага киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.    Бешкент айыл өкмөтүндө чарбалык китептеги элдердин маалыматтарын электрон-дук «Айыл» программасына киргизүү жана тактоо ишине 10 000 ( он миң) сом акча каражатын Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.

2.    Каржылоону камсыз кылуу Бешкент айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Эргашев Б га тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы:

О.Баховотдинов