Редакцияот 27.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 32-сессиясы

 

2019-жылдын 27-июлу №169

Бешкент айыл өкмөтүндөгү айылдарга инвестиция тартуунун абалы жөнүндө

Бешкент айыл  өкмөтүндөгү айылдарга инвестиция тартуунун абалы жөнүндө  айыл  өкмөтүнүн башчысынын орун басары  Алимбеков Каныбектин  маалыматын  угуп  жана  талкуулап  Бешкент  айылдык  Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.    Бешкент айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын алты айлыгында айылдарга инвестиция тартуунун абалы канаатандырарлык деп табылсын.

2.    Бешкент айыл өкмөтүндөгү айылдарга инвестиция тартууну күчөтүүнү жолго коюу жагы Бешкент айыл өкмөтүнүн башчыснын орун басары К.А.Алимбековко жана тийиштүү адистерге жүктөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы:

О.Баховотдинов