Редакцияот 03.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2020-жылдын 3-марты № 25

Баткен райондук электр тармагынын Кара-Бак бөлүмүнүн жетекчисинин отчетун угуу  жөнүндө

Баткен райондук электр тармагынын Кара-Бак бөлүмүнүн жетекчисинин аткарган иштерин угуп жана талкуулап  Кара-Бак айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен райондук электр тармагынын Кара-Бак бөлүмүнүн жетекчиси Токтоматов Жеңишбек Кадыровичтин берген маалыматы жактырылсын.

2. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы   Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.

 

Кенештин төрагасы

А. Айдаров