Редакцияот 03.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2020-жылдын 3-марты № 28

Кара-Бак айыл аймагынын Айыл чарба бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобону бекитүү   жөнүндө

Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 10.02.2020-жылдагы №01-34/108 сандуу билдирүүсүн  угуп жана талкуулап  Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Бак айыл аймагында Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган) Типтүү Жобосу бекитилсин.

2.Бекитилген Типтүү Жобону аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Кенештин төрагасы

А. Айдаров