Редакцияот 03.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2020-жылдын 3-марты № 32

Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

     Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну Маматкулов Саидвали Сотиболдиевичдин  өз арызынын  негизинде Кара-Бак айылдык кенеши тарабынан  12.04.1994-жылы  №16 сандуу токтому менен   1-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Маматкулов Саидвали Сотиболдиевичке Кара-Бак айылдык кенешинин 12.04.1994-жылы № 16 сандуу токтому менен 1-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна  кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Кенештин төрагасы

А. Айдаров