Редакцияот 03.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2020-жылдын 3-марты № 33

Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын  тургуну Хайдаров Асилбек Нозировичдин  өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 03.04.1992-жылы №4-51 сандуу токтому менен 1-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Хайдаров Асилбек Нозировичке  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 03.04.1992-жылы   № 4-51 сандуу токтому менен 1-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна  кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Кенештин төрагасы

А. Айдаров