Редакцияот 13.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2020-жылдын 13-марты № 39

“CASA-1000” долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн аймагынан электр чубалгыларын өткөрүүгө жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 КР Өкмөтүнүн №105 20.02.2020-жылкы токтомунун негизинде     “CASA-1000” долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн аймагынан электр чубалгыларын өткөрүүгө 500 кВтук аба чубалгыларын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагынан жалпы 9157м2 жер аянтын бөлүп берүү максатында  Кара-Бак айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр участкасынан 9157м2 жер аянтын мамлекеттер аралык CASA-1000 долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында “Датка Сугд” 500 Кв чыңалуусундагы электр аба линиясынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн  КРнын Өкмөтүнүн №105 20.02.2020-жылкы токтомуна ылайык белгиленген тартипте акысыз жана 49 жылга мөөнөттүү пайдаланууга берилсин.

2.Алты-Адыр участкасынан элге жер (чек) берүү максатында түзүлгөн генплан жана тийиштүү иш кагаздар аралык CASA-1000 долбоорун  ишке ашыруу максатында өзгөрүлүп жаткандыгына байланыштуу кетирилген бардык чыгымдар ААК “Улуттук энергетика тармактар” компаниясына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.

 

Кенештин төрагасы

А. Айдаров