Редакцияот 28.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XХVII-сессиясы

 

2020-жылдын 28-февралы №8

“Дара Тазалык” МИнын 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө

“Дара Тазалык” МИнын 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө М.Зайналовдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI  чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын  2019-жылга аткарылган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин жана 2020-жылга  карата түзүлгөн  бюджетинин киреше бөлүгү 934930 (тогуз жүз отуз төрт миң тогуз жүз отуз ) сом, чыгаша  бөлүгү 934930 (тогуз жүз отуз төрт миң тогуз жүз отуз ) сомго бекитилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Султанов