Редакцияот 28.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XХVII-сессиясы

 

2020-жылдын 28-февралы №22

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кан айылынын тургуну, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти  Амиралиев Семетей Манасовичти   “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VI чакырылышынын 2019-жылдын 16-августундагы кезектеги ХХIII сессиясынын №50-токтомуна ылайык Кан айылынын тургуну, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти  Амиралиев Семетей Манасовичти  “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү боюнча Кан айылынын элдеринин жалпы чогулушунун 2019-жылдын 27-декабрындагы №12-протоколун талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   VI чакырылышынын кезектеги  XХVII сессиясы     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кан айылынын тургуну, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти  Амиралиев Семетей Манасовичке  “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу”  наамы ыйгарылсын.

2.    Керектүү каражаттар менен камсыздоо жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин  административдик укуктук маселелер боюнча   туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Султанов