Редакцияот 16.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

 

2019-жылдын 16-октябры №28

Баткен шаардык Кеңешинин  «Кыргызстан» саясый партиясынан депутат А.О.Раимкуловдун    арызын кароо жана “Кыргызстан” саясый партиясынын катарын   М.О.Самидинов   менен толуктоо жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу» жөнүндө №3 Мыйзамынын 2-беренесине  жана «Кыргызстан»  саясый партиясынын Баткен шаары жана райондук бөлүмүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы чечиминин  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  XVIII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1.Баткен шаардык Кеңешинин «Кыргызстан»  саясый партиясынан депутат Раимкулов Аширбай Омурзаковичтин    береген арызына ылайык депутаттык мандаты токтотулуп, Шаардык Кеңештин “Кыргызстан” саясый партиясынын катары кезектеги талапкер Самидинов Мырзаабдулла Онорбаевич   менен толукталууга макулдук берилсин.

     2.Ушул токтомду бекитип  берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.

     3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Регламент, депутаттык мандат, Мыйзамдуулук, укук коргоо чек ара, кылмыштуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Орозов/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Ташбеков