Редакцияот 16.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

 

2019-жылдын 16-октябры №34

Баткен шаарынын аты жок кээ бир  көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы №108 «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү» токтомунун жана Баткен шаардык кеңешинин 2019-жылдын 22-декабрындагы «Баткен шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьектилерге ат коюу, аталыштарын өзгөртүү жөнүндөгү» №12-5 токтомуна жана Баткен шаардык Кеңешинин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 7-октябрдагы  отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баткен шаарынын аймактык башкармалыктарынын  аты жок көчөлөрүнө төмөнкү

сунушталган ысымдар ыйгарылсын:

     1.Баткен шаарынын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун ,түндүк чыгышындагы, түндүктөн-түштүктү карай кеткен аты жок көчөгө  УАМС катышуучусу «Эсенов Имар» ысымы ыйгарылсын.

2.Шаардын Келечек кварталынын Аэропорт конушунун батыштан-чыгышты карай кеткен аты жок көчөгө «Аэропорт 2» ысымы ыйгарылсын.

     3.Шаардын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун чыгыш-түштүгүндө,  түштүктөн-түндүктү карай кеткен аты жок көчөгө «Аэропорт 3» ысымы ыйгарылсын.

     4.Шаардын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун чыгыш-түштүгүндө,  батыштан-чыгышты  карай кеткен аты жок 4-көчөгө «Аэропорт 4» , Элита шаарчасындагы 2 –көчөгө «Элита» ысымы ыйгарылсын

     5.Шаардын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун чыгыш-түштүгүндө,  батыштан-чыгышты карай кеткен аты жок 5- көчөгө «Аэропорт 5» ысымы ыйгарылсын

     6.Шаардын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун чыгыш-түштүгүндө,  батыштан-чыгышты карай кеткен аты жок 6-көчөгө «Аэропорт 6» ысымы ыйгарылсын.

     7.Базар-Башы АТОсунун аты жок көчөсүнө эмгек ардагери, маркум «Нишанов Садыктын» ысымы ыйгарылсын.

     8.Башар-Башы АТОсунун аты жок Таш көпүрөөдөн чыгышты карай кеткен аты жок көчөгө «Акимова Улукбүбүнүн» ысымы ыйгарылсын.

     9.Базар-Башы АТОсунун  аты жок көчөсүнө УАМС катышуучусу маркум «Гыязов Мамадтин» ысымы ыйгарылсын.

     10.Базар-Башы АТОсунун күн чыгышындагы түндүктөн түштүктү карай кеткен көчөгө «Ыйман» ысымы, 4-көчөгө «Мурас» ысымы,4-көчөгө «Достук» ысымы, 5-көчөгө «Ала-Тоо» ысымы ыйгарылсын.

     11.Чет-Булак АТОсунун күн чыгыш тарабындагы аты жок көчөгө Аскер кызматкери маркум «Ташполотов Турдубектин» ысымы ыйгарылсын.

     12.Чет-Булак АТОсунун Айгүл-Таш подстанциясынын аты жок 8-көчөсүнө УАМС катышуучусу, ардагер маркум «Акматов Маматтин» жана аты жок 9 көчөгө «Ырысбай Абдыкадыровдун»  ысымы ыйгарылсын.

     13.Чет-Булак АТОсунун Айгүл-Таш подстанциясынын аты жок 5-көчөсүнө УАМС катышуучусу, маркум «Бегалиев Гаиптин» ысымы ыйгарылсын.

     14.Чет-Булак АТОсунун Курманжан Датка көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы аты жок  1-көчө «Жакшылык»  ысымы ыйгарылсын.

     15.Булак-Башы АТОсунун жаңы участкасынын батыш тарбындагы түндүктөн түштүктү карай кеткен көчөгө УАМС катышуучусу, маркум «Сулайманов Ажибайдын» ысымы ыйгарылсын.

     16.Булак-Башы АТОсунун аты жок көчөсүнө «Тынчтык» ысымы ыйгарылсын.

    

     2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык жактан өнүгүү жашатар, спорт,  туризм, медицина жана маданият  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергеновго/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Ташбеков