Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-октябры №40
Баткен шаарында коомдук тартипти коргоонун абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2;6 пункуттарына ылайык жана Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук укук коргоо, чек ара, кылмыштуулуктун алдын алуу, депутаттык мандат, этика жана Регламент маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019жылдын 12-августтагы аныктамынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарында коомдук тартипти коргоонун абалы жөнүндөгү жана Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук укук коргоо, чек ара, кылмыштуулуктун алдын алуу, депутаттык мандат, этика жана Регламент маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019жылдын 12-августтагы аныктамасы кабыл алынсын. (аныктама тиркелет)
2.Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн 2019-жыл ичинде аткарган иштери канаатандыраарлык экендиги белгиленсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук укук коргоо, чек ара, кылмыштуулуктун алдын алуу, депутаттык мандат, этика жана Регламент маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Орозов А/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |