Редакцияот 25.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2019-жылдын 25-декабры № 42

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджети жана 2021-2022-жылдарга бюджетинин божомолун бекитүү жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө депутаттар арасында кенири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги  XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 13385,9 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 13385,9 миң сом суммасында бекитилсин.

2.    2021-жылга кирешелер боюнча болжол 13612,7 миң сом суммасында чыгашалар боюнча болжол 13612,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.    2021-жылга кирешелер боюнча болжол 13700,2 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча болжол 13700,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

 

М.Соорбаев