Редакцияот 03.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХ СЕССИЯСЫ 

 

2020-жылдын 3-марты №1/3

Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 1-январына карата калган калдыктан акча каражатын бөлүү  жөнүндө

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 1-январына карата калган 5736,7 миң сом калдыктын эсебинен «Кыргыз  Республикасынын  Бюджеттик кодексине» ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын сунушунун негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын чечимине ылайык  Нарын шаардык  Кеңшинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин  2020-жылдын 1-январына карата   калган акча каражатынын  калдыгынын эсебинен төмөндөгү мекемелерге   4712,0 миң сом  акча каражаты бөлүнүп берилсин:

·         Нарын шаарында өзгөчө кырдаалды алдын алууга 100,0 миң сом;

·         Нарын суу канал ишканасына суу алуучу жайларды кайтарууга 700,0 миң сом, иш убактысында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөөгө 800,0 миң сом; сууга кошууга хлор алууга 300,0 миң сом;

·         Нарын шаарынын Аксакалдар сотуна 70,0 миң сом;

·         Нарын шаардык Ардагерлер Кеңешине 80,0 миң сом;

·         Нарын шаарындагы №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин ажаатканасына 320,0 миң сом;

·         Нарын шаарындагы №9 А.Сыдыков атындагы орто метебинин мугалимдери үчүн ажааткана салууга 65,0 миң сом;

·         Нарын шаардык спорт бөлүмүнө коммуналдык кызматкерлердин күнүнө карата  спорттук иш-чара өткөрүүгө 40,0 миң сом;

·         Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатына 2020-жылдын жазгы жана күзгү чакыруу учурунда аскердик милдеттүүлөрдү Куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктоо боюнча иш-чараларды уюштурууга 50,0 миң сом;

·         Нарын шаарындагы мектеп окуучулар арасындагы Нарын шаардык Кеңешинин Кубогун өткөрүүгө 150,0 миң сом;

·         Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин сыйлоого 117,0 миң сом, социалдык фондго чегерүүгө 20,0 мин сом;

·         Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына Нарын шаарындагы айрым көчөлөрдү жарыктандырууга жана айрым аймактарды  көрктөндүрүүгө 1200,0 миң сом;

·         2020-жылдын Азия чемпиону У.Жолдошбековго 100,0 миң сом, анын машыктыруучусу М.Акиевге 50,0 миң сом;

·         Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасына Нарын шаарындагы 5 аялдама курууга 550,0 миң сом.

2. Бөлүнгөн акча каражаты Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде берилсин жана токтомду аткаруу Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Ботоканов