Редакцияот 03.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХ СЕССИЯСЫ 

 

2020-жылдын 3-марты №4

Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын айрым штаттык бирдигин Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасынын карамагына которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Муниципалдык ишканалар арасында жумуштарды жөнгө салуу максатында Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын карамагындагы көчө шыпыруучу 10 (он) штаттык бирдикти Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасынын штаттык бирдигине которууга макулдук берилсин.

2.    Штаттык бирдиктерди которуу жана жайгаштыруу иштери 2020-жылдын 1-апрелине чейин бүткөрүлсүн.

3.    Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Ботоканов