Редакцияот 03.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХХХI СЕССИЯСЫ 

 

2020-жылдын 9-марты №1

Нарын шаарынын вице мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Нарын шаардык мэриясынын 2020-жылдын 6-мартындагы №03/462 жана 2020-жылдын 9-мартындагы 03/466 сунуш каттарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 4-главасынын 4.4-бөлүмчөсүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы №329 токтому менен бекитилген «Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (сынактан тышкары)  кирүүнүн типтүү эрежелерине» ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына  катышкан 31 депутаттын 20 добушуна ээ болгон  «КСДП»  фракциясынан депутат Жумакадырова Назира Мамытовнаны  Нарын шаарынын  вице-мэри кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Ж. Ботоканов