Редакцияот 06.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХV сессиясы

 

2020-жылдын 6-февралы №35/2

Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө

Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл учун муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси  Р.Калмамбетованын жана айылдык Кенештин экономика-бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулар  депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезексиз  XXXV сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл учун муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны  төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

   1 штат - Айыл өкмөт башчысы

   1 штат - Айыл башчы

   1 штат - Жооптуу катчы

   1 штат - Бөлум башчы- башкы эсепчи

   3 штат-  Башкы адис          

   2 штат - Жетектөөчү адис 

   2 штат - Адис                      

   2 штат - Аскердик эсепке алуу столунун инспектору 

   1 штат – Иш алып баруучу

   0,5 штат – Кароолчу

   0,5  штат - Тазалоочу

Жыйынтыгы: 15 штат.

2.    Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин штаттын ыраттамасы 237763 (Эки жуз отуз жети мин жети жуз алтымыш уч) сом менен бекитилсин.

3.    Токтомду  аткарууга алуу  жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Турдубековго,ФЭБ башчысы Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р. Зарлыков