Редакцияот 30.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХVI– сессиясы

 

2020-жылдын 30-январы № 36/2

Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2020-жылга карата бош калган каражатты бекитүү жөнүндө

Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин жана ФЭБ башчысы Б.Тажиевдин 01.01.2020-жылга карата бош калган каражатты бекитүү жөнүндө  маалыматын  угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.    Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2020-жылга карата бош калган каражаттар төмөндөгүдөй бөлүнүштө бөлүнсүн.

Бюджеттик эсептеги:

№

Раздел

Чыгымдоо статьясы

3111

1

Ак-Жар айылына жаңы бала бакчасын куруу

3 000 000

2

Бугучу айылына машыгуу залынын курулушуна

279 634

3

Кум-Дөбө айылындагы бала бакчанын бүтө элек бөлүгүн бүткөрүү боюнча түрткү берүүчү грантка өздүк салым

659 000

 

Жалпы

3 938 634

Атайын эсептеги:

№

Раздел- бала бакча 70911

Чыгымдоо статьясы

Баары

2222

2215

1

Раздел- бала бакча 70911

“Балаты-Нур”, “Сезим-М”, Шамшы Келечеги жана Бусурман у Шаабай ат. бала бакчаларына идиш аяк, ж.б. материалдарды  сатып берүү.

 

180 366

 

 

180 366

2

Аппарат 70111

Спорттук иш чаралар үчүн

 

 

120 296

120 296

 

Жалпы

180 366

120 296

300 662

2.    Жогорудагыдай багыттарда бөлүнгөн каражатты каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.

3.    Жогорудагы каражаттарды өз багыттарында каржылап, өздөштүрүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге, ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге тапшырылсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана өз жоопкерчилигиме калтырылсын.

Төрага

А. Өмүров