Редакцияот 30.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХVI– сессиясы

 

2020-жылдын 30-январы № 36/5

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы КААБдын (коомдук алдын-алуу борбору) курамын өзгөртүү жөнүндө

Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевдин маалыматын, угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Айыл өкмөтүнүн буйругу менен өзгөртүлүп түзүлгөн КААБдын (коомдук алдын-алуу борбору) курамы бекитилсин.

2.    Айыл өкмөтүндөгү КААБдын (коомдук алдын-алуу борбору) атайын Жобосу, коомдук уюмдардын милдеттери жана түзүлгөн иш пландын негизинде жүргүзүлсүн.

3.    Айыл аймагында коомдук коопсуздукту алдын-алуу, кылмыштуулукту болтурбоо жагы колго алынсын.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Өмүров