Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) XXIX сессиясы

 

2020-жылдын 28-декабры № 132

Сүлүктү шаарындагы П.Кулматов көчөсүнө асфальт төшөө, капиталдык ремонттон өткөрүү  долбоорунун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө

     Слүктү шаарынын 2021-жыга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын  21-апрелиндеги №230 токтомунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Слүктү шаарынын 2021-жыга карата  Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин түрткү берүүчү (стимулирующий) грантына  сунушталган Сүлүктү шаарындагы П.Кулматов көчөсүнө асфальт төшөө, капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна (15%) өздүк салым               464 241 (  төрт жүз алтымыш төрт  миӊ эки жүз кырк бир) сом акча каражаты Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюдждетинин эсебинен  каржылануу үчун 2021-жылдын бюджетине киргизилсин

2.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Төрага

К. Исмаилов