Редакцияот 22.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын

 

2021-жылдын 22-февралы № 1

Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза-Суу” чарбалык эсебиндеги муниципалдык ишканасынын жетекчилигине С.С.Эрматовду дайындоого  макулдук берүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 17-пункутунун 4-пункутчасына, Баткен шаарынын мэри М.Рахимовдун 2021-жылдын 26-январдагы №01-21/78 сунушунун жана Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза-Суу” чарбалык эсебиндеги муниципалдык ишканасынын жетекчилигине Эрматов Сайдахмат Саитказыевичти  дайындоого  макулдук берилсин.

     2.Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.

 

Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы

А.Ташбеков