Редакцияот 02.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII  чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы

 

2021-жылдын 2-апрели № 39/2

Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну С.Өрдөкбаевдин жазган арызын кароо жөнүндө

Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну С.Өрдөкбаевдин жазган арызы боюнча Кызыл-Жылдыз айылындагы жашап жаткан үйү 2002-2003-жылдары мамлекеттик каттоонун кызматкерлери кыдырып тактоо жүргүзгөн учурда, үй ээлери убактылуу жок болгондугуна байланыштуу каттоого алынбай калган.  Нарын облустук мамлекеттик архивинин көчүрмөсү 2020-жылдын 01-июнундагы № 02-13/492/2 жана

№02-13/492/3 негизинде, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIX кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Сооромбаев Өрдөкбайдын наамына таандык жер аянты экендиги таанылсын.

2.    Нарын облустук мамлекеттик архивинин 2020-жылдын 01-июнундагы № 02-13/492/2 жана №01.06.2020 №02-13/492/3 архивдик көчүрмөсү эске алынсын.

3.    Бардык талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилээри эскертилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Ш.Жумабековага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Өмүров