Редакцияот 02.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII  чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы

 

2021-жылдын 2-апрели № 39/3

Жерге-Тал айылдык Кеңешинин 2021-жылга Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жазгы айдап-себүү, көчүү-конуу, корук,  мал багуунун жана жер айдоо тарифтерин бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-биренесине ылайык Жерге-Тал айыл аймагынын карамагындагы ар бир айылдын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколдорун угуп талкуулап, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIX кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарында айдап-себүү, көчүү-конууну эртелетүү максатында мал корук жана айдап себүү иш-чаралары уюштурулсун;

-          Айыл башчылары, тиешелүү адистер элдердин айдап себүүгө пайдалануучу күйүүчү май менен камсыздоо боюнча иш алып барышсын;

-          Мал алган адамдарды эртелетип көчүрүп-кондуруу арекети көрүлсүн;

-          Алыскы жаздоолорго малчыларды көчүрүүгө айдоочулар эртелеп пропускаларын алышсын;

-          Корукту баштоо боюнча жооптуу адамдар эртелеп даярдалсын;

-          Айыл аймагында жылда жаз мезгилинде өткөрүүчү элдик түлөө жыл сайын апрель айынын үчүнчү жумасында өткөрүлүү жагы белгиленсин;

-          Жазгы айдап-себүү, мал багуунун тарифтери бекитилген баада туруктуу кармалып, кырдаалга байланыштуу гигеналык эрежелерди, тартипти сактоо боюнча өзгөчө иштери алынып барылсын;

-          Ушул токтомдо көрсөтүлгөн тартипте баш ийбеген жарандарга КР «Бузуулар боюнча кодексинин» жана Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 19.04.2013-жылдыгы №4 токтому менен бекитилген Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жобосунун негизинде катуу чаралар көрүлүү жагы эскертилсин.

2.    Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн коллегиясынын отурумунун №4 протоколу тиркелсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жумабековага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Өмүров