Редакцияот 17.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII  чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы

 

2021-жылдын 17-марты № 38/6

Жерге-Тал айылынын тургуну Эдилбеков Бакытбекке АКБФнын жерлеринен түз берүү жолу менен узартып берүү жөнүндө

Жерге-Тал айылынын тургуну Б.Эдилбековдун 17-март 2021-жылы жазган кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап чыгып, Куланак ГЭСинин объектилеринин курулушуна дагы тийиштүү жер аянттары берилип кеткендигин, көп жылдан бери тийиштүү жерлерди коруп жүргөндүгү эске алынып,  Жерге-Тал айылдык Кеңешинин   XXVII  чакырылышынын XXXVIII кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жерге-Тал айылынын тургуну Б.Эдилбековго Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу «Көр-Булак» участкасындагы мурун пайдаланып жүргөн АКБФнын жеринен 4га жер аянты түз берүү жолу менен баштапкы баасы 1300 сомдон жана соцфонд, налог төлөмдөрү өзүнчө болуп 5 жылдык мөөнөткө узартылып берилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана эки тараптуу келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Жумабековага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Өмүров