Редакцияот 17.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII  чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы

 

2021-жылдын 17-марты № 38/7

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылынын бурулушунан, коомдук коопсуздукту, коомдук тартипти жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында видео-байкоо көзөмөлдөөчү камераларды орнотуу үчүн мерчемдүү жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ИИМ Нарын ОИИБнын, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальник милициянын полковниги Б.Токтакуновдун 2021-жылдын 14-мартындагы №6/1419  жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин   XXVII  чакырылышынын XXXVIII кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылынын бурулушунан, коомдук коопсуздукту, коомдук тартипти жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында видео-байкоо көзөмөлдөөчү камераларды орнотуу үчүн мерчемдүү жер аянты бөлүнүп берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы  Ш. Жумабековага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Өмүров