Редакцияот 17.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII  чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы

 

2021-жылдын 17-марты № 38/9

Жайыт пайдалануучулардын жайытка тиешелүү жерлерден чабынды катары чаап алууга баа бекитип берүү жөнүндө

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевдин билдирүүсүнүн негизинде, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин XXVII  чакырылышынын XXXVIII кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жерге-Тал айыл аймагындагы жайытка тиешелүү жерлерден чабынды катары чаап алууга жердин түшүмдүүлүгүнө жараша 1га жерге 500-1000 (беш жүздон- миң) сомго чейин деп бекитилсин.

2.    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эки тараптуу келишим түзүү жагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевге милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

А. Өмүров