Редакцияот 16.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 16-декабры ПЖ № 391

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Санариптештирүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 104 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 20-декабрындагы № 111 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров