Редакцияот 31.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 31-декабры ПЖ № 416

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" жана "2003-жылдын 28-январында Бишкек шаарында кол коюлган Украинада туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Украинанын жарандарынын жарандыкты өзгөртүшүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жана жарансыздык жана кош жарандуулук учурларын болтурбоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушун эске алып, токтом кылам:

 

1. Крупин Юрий Алексеевичтин, украин, 1969-жылы Украина ССРинин Херсон шаарында туулган, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүчү канааттандырылсын.

 

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров