Редакцияот 26.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 26-декабры ПЖ № 406

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө

Билим берүү жана финансы-экономикалык иш жаатында сиңирген эмгеги, ошондой эле көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкүлөргө:

ыйгарылсын:

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" деген ардактуу наам

Бейшеналиева Гулязыга

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун филологиялык билим берүү кафедрасынын улук окутуучусу;

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" деген ардактуу наам:

Абдувапов Алтынбек Каныбековичке

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

Бакетаев Алмаз Кушбековичке

-

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам

Джунушалиев Айбек Джанышбековичке

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын

Шаршеев Азамат Нуралиевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти.

 

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров