Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабры № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 28-декабры ПЖ № 414
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын IV бөлүмүнүн 4.3-пунктун ишке ашыруунун алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоо куралдарын жана механизмдерин апробациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде төмөнкүлөрдү бириктирип түзүү менен пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу, Ак-Булуң, Ак-Булак жана Сары-Булак айыл аймактарын бириктирип, Балбай айылын административдик борбор деп аныктоо менен Балбай айылдык аймагын;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Чоң-Таш жана Санташ айыл аймактарын бириктирип, Талды-Суу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Каркыра айыл аймагын;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Карасаев жана Арал айыл аймактарын бириктирип, Миң-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Карасаев айыл аймагын;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл, Тогуз-Булак жана Михайловка айыл аймактарын бириктирип, Михайловка айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ысык-Көл айылдык аймагын;
- азыркы чек араларын өзгөртүүсүз калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл аймагын.
3. Ушул Жарлыктын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү кеңештеринин иштеп жаткан депутаттары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- ушул Жарлыктын 2 жана 3-пункттарынан келип чыгуучу уюштуруучулук-укуктук маселелерди чечсин;
- ушул Жарлыктын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарын бириктирүүнүн натыйжасында бошоп жаткан муниципалдык кызматкерлерди жумушка орноштуруу жөнүндө маселени чечсин;