Редакцияот 01.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2023-жылдын 1-марты ПЖ № 39

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын сот органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, сот адилеттигин жүзөгө ашырууга кошкон салымы үчүн төмөнкүлөргө:

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" ардак наамы ыйгарылсын:

Давлетов Айбек Абубакировичке

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары;

Чаргынова Турсунгул Толепековнага

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Бакиров Кайридин

-

Нарын облустук сотунун төрагасы;

Барыктабасова Эльмира Бектургановна

-

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;

Исакова Жамалкан Мажитовна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

Мухамеджанов Абылай Жумакадырович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

Эсеналиев Нурбек Канатбекович

-

Бишкек шаардык сотунун төрагасы.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров