Редакцияот 28.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз III- сессиясы

 

2017 -жылдын 28-апрели № 3/1

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Шадыбеков Урматтын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга аткарыла турган иштери жөнүндө

1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Шадыбеков Урматтын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга аткарыла турган докладдык отчетун угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

2. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Шадыбеков Урматтын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга аткарыла турган иштери канаатандырарлык деп табылсын.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго тапшырылсын.

 

Төрага

Т.Жунусов