Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз III- сессиясы
2017 -жылдын 28-апрели № 3/2
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча булактандан түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын бөлүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча булактандан түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын бөлүү боюнча Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мусакановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Баш-Кайңыды айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча булактандан түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
· Электр энергияга берилген лимитке жетпей калган акча каражатына - 100 000 ( жүз миң) сом бекитилсин.
· Бейиттин көчөсүнө шагыл төгүү үчүн - 80 000 (сексен миң) сом бекитилсин.
· С.Бокоев көчөсүнө шагыл төгүү үчүн - 65 000 (алтымыш беш миң) сом бекитилсин.
· Жунус уулу Куттубай көчөсүнө шагыл төгүү үчүн - 65000 (алтымыш беш миң) сом бекитилсин.
· Таза сууга - 15 000 (он беш миң) сом бекитилсин.
· Чыпай Асеков мектебинин айланасын тосуу үчүн- 10 000 (он миң) сом бекитилсин.
· Большевик айылындагы А.Табылдиев атындагы орто мектебине холодильник алуу үчүн - 15900 (он беш миң тогуз жүз ) сом бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго тапшырылсын.
Төрага | Т.Жунусов |