Редакцияот 10.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XV кезексиз заседаниеси

 

2016-жылдын 10-октябры № 15/1

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн администрациясына жаңы имарат куруу үчүн жер чектеп берүү жөнүндө

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн администрациясына жаңы имарат куруу үчүн Кабылан-Көл балдар бакчасынын 1,68 га жер участогунун ичинен 0, 20 га жер участогун бөлүп берүү максатында Кабылан-Көл айылдык кенешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн администрациясына жаңы имарат куруу үчүн Кабылан-Көл балдар бакчасынын 1,68 га жер участогунун ичинен 0, 20 га жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн администрациясына жаңы имарат куруу үчүн жазылган түрткү берүүчү гранттын долбоору 3 млн сомду түзөт. Өздүк салым 210,0 сом. 2017-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизүү бекитилсин.

3. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышы жер адиси С.Сактановго жана айыл өкмөт башчысы Т.Камиловго тапшырылсын.

4. Көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономикалык саясат муниципалдык менчик, калкты жерге жайгаштыруу, жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

У. Кадыркулов