Редакцияот 07.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын алтынчы чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2017-жылдын 24-январы № 2/1

Жекенди айылдык аймагынын башчысы Н.Акматовдун 2016-жылда аткарган иштерин кароо жөнүндө

Жекенди айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жекенди айылдык аймагынын башчысы Н.Акматовдун 2016-жыл ичинде аткарган иштери канаатандырарлык экендиги белгиленсин.

2. Жекенди айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана айылдардын инфраструктурасын жогорулатуу, калктын турмуш тиричилик абалын жогорулатуу иштерин 2017-жыл ичинде жүргүзүү жагы айылдык аймактын башчысы Н.Акматовго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Кошоевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Д.Халилов