Редакцияот 07.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын 19-заседаниеси

 

2017-жылдын 07-февралы № 19/1

Кабылан-Көл айыл өкмотүнүн 2016-жылдын башында бекитилген социалдык экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы.-социалдык экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019- жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча болжолдуу планынын долбоорун бекитүү жөнүндө

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын башында бекитилген социалдык экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы.-социалдык экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019- жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча болжолдуу планынын долбоору боюнча айыл өкмөттүн билдирүүлөрүн угуп жана кызуу талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2016-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча билдирүү эске алынсын.

 2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча планынын долбоору жактырылсын жана бекитилсин.

3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча иш пландарынын аткарылышы боюнча уюштуруучулук иштерди жакшыртуу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.

4. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2018-2019 - жылдарга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу пландары бекитилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасына жана айылдык кенештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Кадыркулов