Редакцияот 29.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7 - шайланышынын 16 - сессиясы

 

2016-жылдын 29-февралы № 5

Казыбек айылынын тургуну Балбакова Анипага «Шырыкты» участкасынан сарай салуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

Казыбек айылынын тургуну Балбакова Анипага «Шырыкты» участкасынан сарай салуу үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 9 Протоколунун негизинде, айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы № 169 токтому менен бекиген жер участокторун которуу (трансформациялоо ) тартиби жөнүндөгү Убактылуу Жобонун 16-пунктунун 1,2,3 подпунктуна ылайык жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 9 Протоколунун негизинде Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу «Шырыкты» коктусундагы № 1152 контурунун ичиндеги 13,0 гектар айыл- чарба багытындагы жайыт жеринин ичинен 0,15 (сотых) га жери курулуш алдындагы жерлердин түрүнө которууга берилген сунуш бекитилсин.

2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага

Б. Аттокуров