Редакцияот 03.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 18 - кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 3-августу № 1

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу максатында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 26-июнундагы № 156-б буйругуна ылайык түзүлгөн жер комиссиясынын № 13 протоколун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу максатында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 26-июнундагы № 156-б буйругуна ылайык түзүлгөн жер комиссиясынын № 13 протоколун бекитүү максатында, айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаарынын тургуну Кандыбаев Султанбекке Ак-Сай өрөөнүндөгү «Торугарт» участогундагы чыгыш бажы өткөөл пунктунун күн батыш тарабындагы № 12 контурундагы айыл чарба багытындагы жайыт жеринин ичинен 3,0 га жер аянтын өнөр-жай, байланыш, коргоо багытындагы жерлердин түрүнө которууга КР өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы № 169 токтому менен бекиген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобонун 8 пунктуна ылайык курулуш алдындагы жерлердин түрүнө которуу боюнча райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2016-жылдын 29-июлундагы № 01-04/328 сандуу сунуштаган документтерин карап чыгып комиссия бир түрүнөн башка түрүнө которууга бир добуштан макулдук берилген 2-август 2016-жылдагы № 13 протоколу бекитилип берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.

 

Төрага

Б. Аттокуров