Редакцияот 17.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 21 - кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 17-ноябры № 3

2013-2017-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Казыбек айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга карата 5-апрель 2013-жылдагы айылдык кеңештин сессиясынын №19 токтому менен бекитилген стратегиялык өнүгүү планына кошумча - алымчаларды киргизүү максатында, айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казыбек айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга карата 5-апрель 2013-жылдагы айылдык кеңештин сессиясынын №19 токтому менен бекитилген стратегиялык өнүгүү планына кошумча - алымчаларды киргизилип,толукталып бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б. Аттокуров