Редакцияот 01.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы

 

2015-жылдын 1-декабры № 174

Айыл тургундарынын арыздарын кароо

Досалиев Жаныбай атындагы жамаатынан Арал айылындагы “Кожобектин” булуңуна салынган 2 көпүрөнүн 2 жагына кум-шагыл төгүүгө акча каражатын сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезексиз XXXX – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл тургундарынын арыздары канаатандырылсын.

2. Көпүрөнүн эки жагына кум шагыл төгүүгө 70 миң сом акча каржаты 9 айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж. Медетов