Редакцияот 01.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы

 

2015-жылдын 1-декабры № 175

Айыл тургундарынын арыздарын кароо

Айыл тургундарынын М.Сейталиев орто мектебине курулуп жаткан спорт залдын үстүн жабууга акча каражатын сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезексиз XXXX – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл тургундарынын арыздары канаатандырылсын.

2. М.Сейталиев орто мектебине курулуп жаткан спорт залдын үстүн жабууга 327 миң сом акча каражаты 9 айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж. Медетов