Редакцияот 01.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы

 

2015-жылдын 1-декабры № 177

Айыл тургундарынын арыздарын кароо

Жер-Үй өнүгүү фондусунан бөлүнгөн акча каражатынын негизинде долбоорлорду ишке ашыруу үчүн айыл тургундарынын соц. сурамжылоонун жыйынтыгын жана айылдагы көйгөйлүү маселелерин карап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезексиз XXXX – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жер-Үй өнүгүү фондусунан бөлүнгөн акча каражатынын негизинде төмөндөгүдөй долбоорлор жактырылсын.

·         Айылдын маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү;

·         Айылга кичи футбол аянттын куруу;

·         Айыл чарба техникасын (жүк ташуучу машина, германка) алуу;

·         Кодолго БСР суу топтоочу жай куруу;

·         Айылга интернет кошуу;

·         Мектептерге интерактивдүү доска алуу;

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж. Медетов