Редакцияот 19.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы

2015-жылдын 19-марты №135

Чөп чабуучу техника алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө

Депутаттардын айылга чөп чабуучу техника(германка) алуу жөнүндөгү ой-пикирлерин угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Айылга чөп чабуучу техника(германка) алуу үчүн соц пакеттеги акчадан 950(тогуз жүз элүү)миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

Техника алуу үчүн тиешелүү документтерди даярдоо, тиешелүү мекеме-уюмдар менен иш алып баруу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

Төрага

Ж.Медетов