Редакцияот 19.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы

2015-жылдын 19-марты №143

Айыл тургундарынын арыздарын кароо

Жаныбай жамаатынын “Май-Дөбө” көрүстөнүнүн тегерегин курчоо иштерине акча каражатын сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаныбай жамаатынын “Май-Дөбө” көрүстөнүнүн тегерегин курчоо тууралу арызы канаатандырылсын.

2. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы ар кандай чыгымдар бөлүмүнөн “Жаныбай ” жамаатынын “Май-Дөбө” көрүстөнүнүн тегерегин курчоого 91,200(токсон бир миң эки жуз)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

Төрага

Ж. Медетов