Редакцияот 02.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезексиз экинчи сессиясы

 

2017-жылдын 25-январы № 4-2

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-планын бекитүү

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жыл үчүн түзүлгөн иш-планын талкуулап Айылдык кеңештин Типтүү Регламентинин 3-бөлүмүндөгү айылдык кеңештин ишинин жалпы тартибине ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жыл үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет)

2. Иш-планда кабыл алынган маселер тиешелүү жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын

 

Төрага

Абдибает уулу М