Редакцияот 10.04.1998
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Бишкек шаары

1998-жылдын 10-апрели № 36

 

1998-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган

 

1998-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны

тарабынан жактырылган

 

Кыргыз Республикасынын белгилерди каттоо

үчүн товарларды жана тейлөө кызматтарын

Эл аралык классификациялоо жөнүндө

Ницца Макулдашуусуна кошулуусу тууралу

 

1-статья

 

Кыргыз Республикасы 1957-жылдагы Белгилерди каттоо үчүн товарларды

жана тейлөө кызматтарын Эл аралык классификациялоо жөнүндө Ницца макул-

дашуусуна кошулсун.

 

2-статья

 

Депозитарийи Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Башкы

директору болуп саналган депозитарийге кошулуу жөнүндө грамотаны депо-

нирлөө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылсын.

 

3-статья

 

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев