Редакцияот 27.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2018-жылдын 27-июлу  № 61/ X –27

Узун-Кыр айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө

2018-жылдын 14-июлунда “Жениш туусу” газетасына чыккан Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Ысык-Ата районунун жарандарына “Участкалык шайлоо комиссияларынын составына жана резервдерине көрсөтүү башталгандыгы тууралуу” кайрылуусуна ылайык,

Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын түзүмү №1 тиркеме боюнча бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин төрагасынын орун басары – С.Самсалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

Ж.А. Малабаев