Редакцияот 10.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2018-жылдын 10-декабры № 64/XI-27

 

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик  агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралу Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

     2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек аймактык  юстиция башкармалыгына мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

     3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Узун-Кыр айылдык кеңешинин каржы жана бюджет боюнча, социалдык суроолор, укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча, жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.

 

Төрага:

Ж.А. Малабаев