Редакцияот 35/13-27
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2019-жылдын 1-февралы № 35/13-27

 

Айыл башчыларынын айлык маяналары жөнүндө

 

Сын-Таш айыл өкмөтүнун бюджета дотацияда турат, Сын-Таш айыл аймагында 8 калктуу пункт жайгашкан. 7 айылда 7 айыл башчы бар. Бюджеттин тартыштыгына байланыштуу, штаттык тизимдеги айыл башчыларынын айлык маяналарын 0,5 оклад менен бекитүү жана Сын-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Алымбаева СБ. 2019-жылдын бюджетин бекитүүдө каражат боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Сын-Таш айыл Кеңеши

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

1. 08.01.2019-жылдан баштап, Сын-Таш айыл аймагынын айыл башчыларынын айлык маяналары 0,5 оклад менен бекитилсин.

2. Токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы С.Б.Алымбаевага жүктөлөт.

 

Төрага

З.М. Аширбаев