Редакцияот 10.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2019-жылдын 10-июну № 1

 

Кызмат көрсөтүү акысын бекитип берүү жөнүндө

 

  Оро  айылдык  кеңешинин  10-чакырылышынын  кезектеги 27-сессиясы  жайыт комитетинин жетекчиси Ж.Райымбековдун оор жүк көтөрүүчү  ФП LW 300FN  тракторунун   калкка кызмат көрсөтүүдөгү баасын бекитип берүү тууралуу  кайрылуусун  талкуулап, тактап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Жайыт комитетине АРИС аркылуу келген ФП LW 300FN  тракторунун   калкка кызмат көрсөтүүдөгү баасы саатына 1500(бир миң беш жүз) сом болуп бекитилсин.

2. Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражатты атайын эсеп ачып, иштетүү жагы жайыт комитетинин жетекчиси Ж.Райымбековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.

 

Төрага                                         

Н.Жаманкулов